Close sites icon close
Search form

Поиск по сайту страны.

Информация о стране

Веб-сайт страны

БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармасынын Жогорку комиссары (КБЖК) тарабынан камсыздалган убактылуу турак-жайлар баткендиктерге кыштан чыгууга жардам берди

БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармасынын Жогорку комиссары (КБЖК) тарабынан камсыздалган убактылуу турак-жайлар баткендиктерге кыштан чыгууга жардам берди

2 Август 2023

Адилбек Борлубаев үй-бүлөсү менен 2022-жылдын сентябрь айында Тажикстан менен чек арада зомбулук күчөгөнүн натыйжасында Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан үйүнөн ажырашкан.

142,000ден ашуун адамдай сыяктуу, Адилбектин үй-бүлөсү келе жаткан кыш айларынын алдында өзгөчө алсыз болуп, турак жайлар, мектептер жана негизги инфраструктуралар бузулганына же талкаланганына байланыштуу Баткен жана Ош облустарынан жер которгонго аргасыз болушкан .

Үй-жайынан ажыраган жер которгон адамдарды колдоо максатында БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармасынын Жогорку комиссары 81 адамды, анын ичинде Борлубаевдердин үй-бүлөсүн камтыган кышкы үйлөр менен камсыз кылып, алардын кыш мезгилине даяр болушуна жардам берди.

«Кудайга шүгүр, бул [убактылуу үйдө жашаган] жакшы. Ичи жылуу, мешибиз бар...Эртең менен турганда суук эмес”,-дейт Адилбек.

Япония Өкмөтү БУУнун КБЖКге аргсыз ички жер которгондорго жана кайтып келгендерге коргоо, өзгөчө баш калкалоо жана кышка даярдык көрүү үчүн жардам берүү үчүн 500 000 АКШ доллар менен камсыз кылды.

Долбоордун алкагында БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай Коому аркылуу аргасыз жер которгон адамдарга, кайтып келгендерге жана кабыл алуучу жамааттарга жардамдын негизги буюмдарын, жылытуу үчүн көмүрдү жана аларды суук кыштан коргоо үчүн турак-жайлары калыбына келтирилгенге чейин авариялык баш калкалоочу жайлары менен камсыздады.

Япониянын салымы ошондой эле БУУнун КБЖК Фергана өрөөнүнүн «Чек арасыз юристтери» бейөкмөт уюму менен биргеликте жер которгон адамдарга мүлктүк жана жарандык документтерди, анын ичинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү калыбына келтирүүгө, жер которгон адамдардын негизги кызматтарга, социалдык жөлөкпулдарга жана гуманитардык жардамга жетүү үчүн өздүгүн тастыктаган юридикалык документтерге ээ болууга мүмкүнчүлүк берди.

Толук видео отчетко шилтеме кайрылуу өтсөңүз болот