Жарансыздыктын кыйраткыч кесепеттерин жоюу үчүн быйыл дүйнө жүзү боюнча маанилүү жыйынтыктарга жетти деп 10-жылдык #IBelong кампаниясынын 9 жылын белгилеп жатып БУУнун Качкындар боюнча агенттиги билдирди.
2023-жылы Кыргыз Республикасы менен Молдова Республикасы төрөлгөндөрдүн жарансыздык ситуациясынан алдын алуу үчүн мыйзамдык кепилдиктерди киргизди. Португалия апатриддердин статусун жөнгө салуучу мыйзамдык базаны бекитип анын ичине жарандыгы жок адамадарды аныктоо процедурасын орнотту. Түндүк Македония өзүнүн мыйзамдарына апатреддерге жарандык алууга уруксат берүү жана ата-энесинин документи жок же жарандыгы жок экендигине карабастан өлкөдө төрөлгөн бардык балдардын туулгандыгын каттоону камсыз кылуу үчүн өзгөртүүлөрдү киргизди. Конго Республикасы жарандыгы жоктор боюнча конвенцияга азыркы учурда эң акыркы кошулган өлкө болуп эсептелинет.
Ушул жылы эле Пемба коомчулугунан 7,000ге жакын жарандыгы жок адамдар Кениянын жараны болуп тастыкталды жана Занзибарда, Танзанияда жарандыгы жок болуу коркунучу бар 3,000ден ашык адамга жарандык берилди.
Учурда 1954-жылды Апатриддердин статусу жөнүндө Конвенцияга жалпысынан 97 мамлекет, ал эми 1961-жылдагы Жарансыздыкты жоюу Конвенциясына катышуучу 79 өлкө бар. Ошондой эле ондогон өлкөлөр өз мыйзамдарына жарансыздыкты алдын алуу чараларын же апатриддерди коргоо жол-жоболорун киргизишти.
«Жарансыздык менен күрөшүү учурунда жетишилген оң прогресс жана көргөн чара үчүн мамлекеттерге ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бирок бул дагы жетишердик эмес. Глобалдык мажбурлап жер которгон миллиондогон адамдар эң негизги адам укуктарына, анын ичинде коомго катышуу жана салым кошуу укугунан ажырап, четте калууда. Бул четке кагуу адилетсиздикти чечүү керек”, — Филиппо Гранди, БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссары айтты.
Жок дегенде 95 өлкөдө 4,4 миллион адам жарансыз же улуту аныкталбаган адамдар бардыгын кабарлайт. Улуттук калкты каттоо апатриддер салыштырмалуу көрүнбөгөндүгүн эске алганда, глобалдык көрсөткүч жогору экени кеңири таанылган.
Эч бир өлкөнүн жараны катары таанылбаган, апатриддер көбүнчө адам укуктарынан жана негизги кызматтардан ажырап, көп учурда аларды саясий жана экономикалык жактан маргиналдашып, басмырлоого, эксплуатацияга жана кыянаттыкка дуушар болушат. Дүйнөдөгү жарандыгы жок адамдардын пропорционалдуу эмес бөлүгү азчылык топторунун мүчөлөрү болуп, жарансыздык апатриддер туш болгон басмырлоону жана маргиналдаштырууну улантып, начарлатат.
«Жарансыздыктын көптөгөн себептери бар болсо да, көп учурларда аны жөнөкөй мыйзамдык жана саясаттык өзгөртүүлөр менен чечсе болот. Мен дүйнө жүзү боюнча мамлекеттерди дароо чара көрүүгө жана эч ким артта калбастыгын камсыз кылууга чакырам ”деди Гранди.
Share on Facebook Share on Twitter